Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 18-майда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда:
түнкүсүн: 7…..12.… күндүз: 21……..26°
Талас облусунда:
түнкүсүн: 6…..11.….күндүз: 21………26°C
Жалал-Абад жана Ош облустарында:
түнкүсүн: 10……15….күндүз: 23……..28°C
Баткен облусунда:
түнкүсүн: 10……15….күндүз: 23………28°C
Ысык-Көл облусунда:
түнкүсүн: 4……9..….күндүз: 18……..23°C
Нарын облусунда:
түнкүсүн: 4……9…..күндүз: 18.……23°C
18-майда Бишкекте жаан чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9…….11°C, күндүзү 24………26°C.