Быйылкы жылдын 4 айында пландалган суммадан бюджетке 10 млрд сомдон ашык киреше түшпөй калды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын ички дүң продуктунун көлөмү былтыркы жылга караганда 3,8 пайызга төмөндөгөн.
— Улуттук статистика комитетинин 1-майга карата берген маалыматына ылайык, Кыргызстандын ИДПсы 148 млрд сомду түзүп, былтыркы жылга караганда 3,8 пайызга төмөндөгөн. Экономикадагы терс көрүнүштөр бюджеттин киреше бөлүгүнө таасирин тийгизди. Быйылкы жылдын 4 айында пландалган суммадан бюджетке 10 млрд сомдон ашык киреше түшпөй калды. Апрель айында эле бюджеттин киреше бөлүгүнүн жоготуулары 4,8 млрд сомду түздү«, — деди Асрандиев.