Марал Радиосу

4 айда бюджетке 10 млрд сомдон ашык киреше түшпөй калды

Быйылкы жылдын 4 айында пландалган суммадан бюджетке 10 млрд сомдон ашык киреше түшпөй калды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын ички дүң продуктунун көлөмү былтыркы жылга караганда 3,8 пайызга төмөндөгөн.

Улуттук статистика комитетинин 1-майга карата берген маалыматына ылайык, Кыргызстандын ИДПсы 148 млрд сомду түзүп, былтыркы жылга караганда 3,8 пайызга  төмөндөгөн. Экономикадагы терс көрүнүштөр бюджеттин киреше бөлүгүнө таасирин тийгизди. Быйылкы жылдын 4 айында пландалган суммадан бюджетке 10 млрд сомдон ашык киреше түшпөй калды. Апрель айында эле бюджеттин киреше бөлүгүнүн жоготуулары 4,8 млрд сомду түздү«, — деди Асрандиев.