Марал Радиосу

ПЧР тест вирусту канчалык туура аныктайт? Расмий жооп

Эпидемиологиялык процесстин башынан бери жалпысынан 219 797 изилдөө жүргүзүү үчүн ПЧР тест-системалары алынып, алардын 210 797си Орусия, Кытай, Турция жана Беларуссия өлкөсүнөн гумжардам катары берилген. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Тест-системалар Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушталган тизмесине кирет жана Ооруларды алдын алуу мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаменти тарабынан тастыкталган. ПЧР тест-системасы вирусту 95-99 пайызга туура аныктайт.

5-февралдан 14-майга чейин лабораторияда COVID-19 вирусуна 75 308 адам изилдөөдөн өттү.