Биз менен байланышыңыз

Кадыр Алы: Экономикалык кризис эми башталат

Без рубрики | 15 мая 2020 | 425 | 0

Экономикалык кризис эми башталат. Ошондуктан компаниялар чоңоюп, инвестиция салуунун ордуна азыркы абалын сактап турушу зарыл. Мындай пикирин «Аман» соода-өндүрүш компаниясынын жетекчиси Кадыр Алы «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ишканалар товарларын сатуунун башка формасын ойлоп табуусу керек.

«Товарларды интернет аркылуу сатып, жеткирип берүү кызматын киргизүү абзел. Болбосо, товарды дүкөндөргө жайгаштырууда да көп каражат кетет. Алсак, биз 4-5 азыкты “Народный”, “Фрунзе”, “Глобуска” коюу үчүн жок дегенде 10 миң доллар каражат керектелет. Башкача айтканда, ортомчусу жок, эл менен түз иштешсек, эффект жакшыраак болот. Ал эми мамлекет колдоо көрсөтүп, программа түзгөнчө өрт күйүп, өчүп калат. Ошондуктан ишкерлер менен жолугуп, программаны күндөп-түндөп отуруп иштеп, ишке ашырып кетүү керек болууда, ошондо өрттүн алдын алып калмакпыз. Болбосо күйүп бүтүп калат», — дейт Кадыр Алы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM