Марал Радиосу

Бүгүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо аяктайт

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо бүгүн аяктайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Ал белгилегендей, жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 4-майда башталган.

Азыр Кыргызстан боюнча 180 тест борбору даярдалып жатат. Даярдык иштеринин алкагында ал имараттарда дезинфекциялоо иштери жүрөт. 21-июнда негизги тесттин биринчи этабы өтөт. 22-июнда балдар предметтик тесттерди тапшырышат. 23-июнда тест борборлорунда даярдык иштери жүрөт. 24-июнда негизги тесттин экинчи этабы өтөт. 25-июнда кайрадан предметтик тесттер болот. Тест тапшырган бардык бүтүрүүчүлөр анын жыйынтыгын 13-19-июлда колдоруна алышат, — деди ал.

Анын айтымында, 20-июлдан тарта жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи туру башталат.

Жусупбекова билдиргендей, жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты жок кабыл алган окуу жайларга 1-июлдан тарта документтерди калтырууга болот.