Марал Радиосу

Түркиядан 320 кыргызстандык учуп келди

Бүгүн, 15-майда Түркиянын Стамбул шаарынан Бишкекке кезектеги чартердик каттам менен 320 Кыргызстандын жараны учуп келди. Бул тууралуу «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдакматов өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Жеңиш Молдакматов өз билдирүсүндө:

Авиакаттам боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жана уюштурган Тышкы иштер министрлигине ыраазычылыгыбызды билдиребиз , — деп жазган.

Эске салсак, дүйнө жүзүндө COVID-19 коронавирусунун пандемиясынан улам жүргүнчү ташыган эл аралык авиабилдирүүнүн токтотулушуна байланыштуу, чет мамлекеттердеги мекендештерди кайтаруу боюнча Президенттин тапшырмасын аткаруунун алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралар улантылууда.