Марал Радиосу

Нөшөрлөп жааган жаандан Бишкектин айрым көчөлөрүн суу каптады (видео)

Бишкек шаарында 14-май күнү саат 18:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Ленин районунун Дэн-Сяопин жана Барпы Алыкулов көчөлөрүн, Жаманбаев көчөсүнүн №36 көп кабаттуу үйүнүн подъездин, ошондой эле Биринчи май районунун Ростовская көчөсүндөгү №87 турак үйдүн короосун суу каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

ӨКМ тарабынан 17 куткаруучу тартылып, куткаруучулар мотопомпанын жардамы менен Ленин жана Биринчи Май райондорунда сууларды сордуруп беришкен.