Биз менен байланышыңыз

«Баткен шаарына «аскер шаарчасы» деген статус берүү керек»

Кыска кабар | 14 мая 2020 | 891 | 1

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова парламенттин 14-майдагы жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени көтөрүп, жергиликтүү элге тийиштүү шарттарды түзүп берүү зарылчылыгына токтолду.

Анын айтымында, Баткенге «аскер шаарчасы» деген статус берип өзгөртүү керек. Ошону менен бирге аскердик жайларды куруп же алардын филиалдарын ачуу зарыл.

-Баткендин чек арасын ЕАЭБдин чек арасы катары көрүү керек. Чек араны ошол жерде жашаган эл гана көрүп турат. Ошондуктан Баткенди стратегиялык аймак катары карап, чоң программа кабыл алуу зарыл. Элдин коопсуздугун камсыздап, социалдык жана экономикалык абалын жакшыртуу шарт. Болбосо эл күн сайын кетип отуруп, аймакта адамдар калбай калат, — деди Орозова.

Эл өкүлү белгилегендей, чек ара аймагында бош турган жерлерди трансформациялап, кичи заводдорду куруу абзел. Мындан сырткары, жеке ишкерлерди колдоп, насыялардын үстөк пайызын төмөндөтүү зарыл. Натыйжада, алар ишкердик объектилерди салат.

Орозова кыргыз-тажик чек арасына жакын аймакта мугалим, дарыгер, экономист, айтор, бардык адистиктер жетишсиз экенин билдирди.

Аймакты адистер менен камсыздоо үчүн кызматтык үйлөрдү куруу зарыл. Чек арада иштегендердин маянасын 30%га көтөрүү керек. Чек арага жакын жашагандар мамлекеттик камсыздоого алынып, Жер салыгын кыскартып, айыл чарбасын өнүктүрүүгө көңүл бурулса жакшы болмок, — деди депутат.

Copyright © 2017 Maral FM