Марал Радиосу

Жолдошбаев: Коронавирус менен аткезчилик бир тууган экен

Коронавирус күч алгандан бери парламенттин депутаттары аябай жакшы иштешти. Эл өкүлдөрү өздөрүнүн округдарына барып, элге жардам бериши керек экендигин Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев парламенттин 14-майдагы жыйынында билдирди.

-Коронавирус менен аткезчилик бир тууган экен. Анткени экөө тең элге зыян алып келип, бирөө өпкөдөн кармаса, бирөө жалпы жонунан кармайт тура. Учурда медкызматкерлердин айтканын угуп, 1-2 ай сак болуу керек, — дейт Жолдошбаев.