Марал Радиосу

Катар менен Кувейттен 107 кыргызстандык алынып келинди

Бүгүн, 14-майда Кувейт-Доха-Бишкек каттамы боюнча «Jazeera Airways» авиакомпаниясы аркылуу Кувейт жана Катардан Кыргызстандын 107  жараны Бишкекке алынып келинди. Кыргызстандыктар менен бирге Казакстандын 31 жараны учуп келди. Аларды казак тарап аэропорттон тосуп алып, атайын транспорт менен Казакстанга алып кетти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бул Тышкы иштер министрлиги тарабынан Өкмөттүн буйругуна ылайык, COVID-19 коронавирустун пандемиясынын таралышына байланыштуу эл аралык аба каттамдарынын токтотулушуна байланыштуу чет мамлекеттерден Кыргызстандын жарандарын кайтарып келүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында уюштурулду.

Келген жарандардын бардыгы белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынды.

Чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарды алып келүү боюнча иштер улантылууда.