Марал Радиосу

Бир катар жергиликтүү соттордун ыйгарым укуктары токтотулду

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыктарга ылайык, Кыргызстандын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, төмөнкү судьялардын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Алар:

Нарын облусунун Нарын райондук сотунун судьясы Эркинбек Мамбеталиевдин, ал жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан жеке каалоосу менен бошотулду;

Ош облустук сотунун судьясы Мыктыбек Касымалиевдин, ал жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан жеке каалоосу менен бошотулду.

Мындан сырткары, мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, ушул жылдын 7-майынан тартып Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун судьясы Нурия Бекбаеванын ыйгарым укуктары токтотулду.