Марал Радиосу

Өзбекстан Орусиядагы айрым мигранттарына 165 доллардан жардам көрсөтөт

14-майдан тарта Өзбекстандын Москва шаарындагы элчилиги жана Өзбекстандын Орусиядагы Башкы консулдугу элчиликтин кайрымдуулук эсебине түшкөн каражаттан оор кырдаалга туш болгон өзбек мигранттарына бир жолку материалдык жардам төлөп башташат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Төлөмдөр ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, 2 жашка чейинки балдары бар аялдарга, ошондой эле 7 айдан ашкан кош бойлуу аялдарга, COVID-19 диагнозу такталган жарандарга жана Орусиянын университеттеринде окуган студенттерге төлөнө тургандыгы кабарланууда.

Жардам Орусияда белгиленген минималдуу эмгек акынын (12 130 рубль) негизинде бир жолку төлөм түрүндө гана көрсөтүлөт.

Жардамга муктаж мигранттарга финансылык ресурстарды бөлүштүрүүдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында, элчилик жума сайын өзүнүн веб-сайтында жана социалдык тармактардагы расмий баракчаларында каражаттын сарпталышы жөнүндө отчетту жарыялайт.

Элчилик материалдык жардам демөөрчүлөр, анын ичинде миллиардер Алишер Усманов которгон каражаттардын эсебинен төлөнө тургандыгын белгиледи.