Марал Радиосу

Өзбекстан Тажикстанга тез жардам унааларын жиберди

Өзбекстандын UzAuto Motors компаниясы пандемия учурунда Тажикстанга Damas үлгүсүндөгү тез жардам унааларын жөнөттү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Компаниянын айтымында, ар бир унаа медициналык персонал үчүн кошумча жеке коргонуу шаймандары менен жабдылган. Унаалар Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигине медициналык мекемелер арасында бөлүштүрүү үчүн өткөрүлүп берилди.

«Дамас» үлгүсүндөгү автоунааларды өндүрүү 1996-жылдан бери UzAuto Motors тарабынан жүргүзүлүп келет. Тез жардам унаалары медициналык персоналдын коштоосунда бейтаптарды ташууга ылайыкталган.