Марал Радиосу

Былтыр мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 15,8 млрд сомго көбөйгөн

Былтыр мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 167,3 млрд сомду түздү. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 15,8 млрд сомго көп. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 13-майда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы республикалык бюджет 2018-жылга салыштырмалуу 13 млрд сомго көбөйдү. Жергиликтүү бюджеттин киришиси 21,8 млрд сомду түзүп, 3,2 млрд сомго өстү.

Ал эми республикалык бюджеттин таңкыстыгы 850 млн сомду түзгөн.