Биз менен байланышыңыз

13-май: Коронавирус боюнча 7 жаңы учур катталды

Кыска кабар | 13 мая 2020 | 825 | 0

Бүгүн, 13-майга карата Кыргызстанда дагы 7 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы учурлар Чүй, Ош, Нарын облустарында катталды.

Жаңы учур катталган аймактар:

— Чүй облусунда 5;

— Ош облусунда 1;

— Нарын облусунда 1.

Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1044 адамга жетти. Анын ичинен 726 бейтап сакайып чыккан. Акыркы суткада 17 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми каза болгондордун саны 12.

Copyright © 2017 Maral FM