Биз менен байланышыңыз

12-майда дагы 21 адамдан коронавирус табылды

Кыска кабар | 12 мая 2020 | 563 | 0

2020-жылдын 12-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 21 учур катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн брифингде билдирди.

Жаңы учурлар катталган аймактар:
Бишкек шаары – 10;
Чуй облусу — 1;
Жалал-Абад облусу — 3;
Нарын облусу — 7.

Жалпы республика боюнча коронавирус жуктургандардын саны 1037ни түздү. Анын ичинде 709 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылган. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болгон.


Орусия коронавирусту жуктуруунун көптүгү боюнча 3-тепкичке чыкты

Copyright © 2017 Maral FM