Марал Радиосу

Кытайдан дагы гуманитардык жардам келди

Кытай гуманитардык жардам катары Кыргызстанга медициналык каражаттарды берди. Гуманитардык жардамды кабыл алуу иш-чарасына вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, Кытайдын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь катышты.

Кытай өкмөтү чартердик каттам менен 100 миң даана ПЧР-тест, 30 миң медициналык көз айнек, 30 миң  N95 бет кап, 150 миң медициналык бет кап, 1 миң термометрди өлкөгө жеткирип берди.

Иш-чарада вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Кытай Өкмөтү гуманитардык жардам гана бербестен, коронавируска каршы күрөшүүдө консультациялык жактан дагы көмөк көрсөтүп жатканын белгиледи.

«Ушул жылдын апрель айында Кыргызстанга Кытайдын медициналык эксперттик тобу келип кеткен. Алар саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерин окутуп, коронавируска каршы күрөшүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүп кеткен. Берилген гуманитардык жардам жарандардын ден соолугуна алып келген коркунучтарга каршы күрөшүү чараларын күчөтүүнү шарттайт. Берилген гуманитардык жардам үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө ыраазычылык билдирем», — деди Акрам Мадумаров.

Өз кезегинде элчи Ду Дэвэнь коронавируска каршы күрөшүүгө жардам берүү максатында Кыргызстан биринчилерден болуп Кытайга гуманитардык жардам бергенин белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин дагы Кытай өкмөтү Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам катары коргоочу медициналык жабдууларды берген.