Марал Радиосу

Карантин жана санитардык эрежелерди бузгандарга салынуучу айыппулдар (60 миңге чейин)

Өлкөдө коменданттык саат алынып салынды, бирок, өзгөчө кырдаал режими уланууда. Буга байланыштуу республикалык штаб өзгөчө кырдаалдын талаптарын, эрежелерин бузгандарга айыптар салынарын эскертет. 

Карантин жана санитардык эрежелерди бузгандыгы үчүн айыптар:

1️⃣ Өзгөчө кырдаал шарттарында укук тартибин бузуу – 5000 сомдон 17 000 сомго чейин айып пул

2️⃣ Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, санитардык эрежелерди, гигиеналык ченемдерди бузуу – 1000ден 27 000 сомго чейин айып пул (категорияга жараша)

3️⃣ Ыйгарым укуктуу органдын чечимин же талаптарын аткаруудан баш тартуу тартибин бузуу – 3000 ден 13 000 сомго чейин айып пул (жазык жоопкерчилиги)

4️⃣ Өзгөчө кырдаалдар тартибинин талаптарын бузуу — 15 000 сомдон 60 000 сомго чейин айып пул, 2-категориядагы эркиндигин чектөө менен бир жылга чейин, коомдук иштерге 60 саатка чейин тартуу.

5️⃣ Карантин сакталбагандыгы — 30 000 сомдон 60 000 сомго чейин айып пул.