Марал Радиосу

Токаев: Казакстан коронавирусту жуктуруунун туу чокусуна жетти

Казакстан коронавирусту жуктуруунун туу чокусуна жетти. Мындай пикирди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өзгөчө кырдаал режимин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комиссиянын отурумунда билдирди.

— Акыркы эки ай биздин өлкө үчүн оңой болгон жок. Кризис али бүтө элек, бирок биз эпидемиянын чегине жеттик, − деди Токаев.

Президент ошондой эле өзгөчө кырдаалдар комиссиясы экономикалык өсүштү калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик комиссияга алмаштырыларын айтты.