Марал Радиосу

Быйылкы окуу жылы 30-майда аяктайт

2019-2020-жылдар аралыгындагы окуу убактысы 30-майда аяктайт. Бул тууралуу 11-майда билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымдады.

Коронавируска байланыштуу 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик экзамендери жыл ичиндеги жетишкендиктерин эске алуу менен гана коюлмакчы.

«Бул чечим биринчи кезекте окуучулардын коопсуздугу, саламаттыгы үчүн кабыл алынды. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдө ЖРТга көбүрөөк убакыт бөлүп, жакшылап даярданууга мүмкүнчүлүк жаралды», — деп айтылат маалыматта.