Марал Радиосу

Казакстан селден 9,5 миллион доллар чыгаша тартты

IRKUTSK REGION, RUSSIA - JUNE 26, 2019: An aerial image of a village during a flash flood caused by heavy rains in Irkutsk Region, Southern Siberia, Russia. Best possible quality. Press Office of Irkutsk Region Branch of Russia's Ministry of Emergency Situations and Disaster Relief/TASS –осси€. »ркутска€ область. ¬ид на поселок ѕриангарь€, подтопленный в результате подъема уровн€ воды в местных реках из-за сильных дождей. ѕресс-служба √” ћ„— –оссии по »ркутской области/“ј——

Казакстандын түштүгүндөгү селдин кесепетинен Түркстан облусу 9,5 миллион доллар чыгаша тартты. Жергиликтүү бийлик 7639 гектар айдоо талаалары суу алдында калганын, 300гө чукул мал жандыктары өлгөнүн билдирди.

Миңден ашуун айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдүн тизмеси түзүлдү. Комиссиянын чечими менен аларга компенсация төлөнүп берилет.

Канча турак жайдын зыянга учураганы тууралуу айтылган жок.

Өзбекстандын Сардоба суу сактагычындагы дамбанын жырылышынан улам, Түркстан облусунда 14 калктуу конуштан 32 миңге чукул киши убактылуу башка жерлерге көчүрүлгөн.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев плотинанын жырылышы коңшу өлкөгө зыян алып келгени үчүн өкүнгөнүн билдирген. Казакстан президенти 9-майда “Твиттерге” Мактаарал районунда жабырлануучулар жаңы же ремонттологон үй-жай менен камсыз болорун, алардын ар бирине 100 миң теңгеден берилерин айткан.