Марал Радиосу

Соль-Илецктен келген 55 кишиден коронавирус аныкталды

Бүгүн, 10-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 16 учуру катталды. Мындан сырткары Соль-Илецк аймагынан келип, обсервацияда турган мекендештерден 55 учур катталган.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Республика боюнча аталган илдетке чалдыккандардын жалпы саны 1002 ге жетти.

Ошол эле учурда бүгүн, 10-майда, 17 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бишкек шаарынан – 7, Нарын облусу – 4 , Ош шаары – 5, Жалал-Абад — 1 жаран.

Республика боюнча жалпы 675 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.