Биз менен байланышыңыз

«РСК Банк»: Коронавирус жуктурган кызматкерлер кардарлар менен байланышта болгон эмес

Кыска кабар | 8 мая 2020 | 659 | 0

“РСК Банктын” коронавируска чалдыккан кызматкерлери кардарлар менен контактта болгон эмес. Бул тууралуу банктын башкармалыгы бүгүн расмий сайтына жарыялаган комментарийинде айтылат.

Комментарийде банк 2 кызматкери илдетке кабылганын моюндап, алардын бири айыгып чыкканын билдирди.

Коронавирус жуктургандардын бири Бишкек шаарында, ал ооруну үйдөн иштеп жатып жугузган жана дарыланып чыкты. Экинчиси Чаткал районундагы филиалынын кызматкери, ал азыр Каныш-Кыя шаарында дарыланууда. Банк кадимки тартипте иштеп жатат, — деп айтылат комментарийде.

Бүгүн, 8-майда, Өкмөттө брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев “РСК Банктын” эки кызматкеринен коронавирус табылганын билдирген.

Жалпысынан 8-майга карата Кыргызстанда коронавирус 906 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 650 бейтап айыгып чыкты.

Коронавирус апаатына карата бир катар аймактарда өзгөчө абал режими киргизилип, көпчүлүк мекеме-ишканалар ишин убактылуу токтоткон. Бирок банктар иш мөөнөтүн кыскартып иштеп, жабылган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM