Марал Радиосу

Бишкекте кафеден чыккан өрт өчүрүлүп жатат

Бишкек шаарынын Панфилов жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафеден өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 10:17де жалпы 2 бөлүм жана штаб тартылган. Учурда тилсиз жоону чектөөгө алуу аракеттери көрүлүп жатканы айтылат.