Марал Радиосу

Өкмөт антикризистик чаралардын үчүнчү пакетин даярдоого киришти

Кыргыз Өкмөтү коронавирус апаатынан кийинки антикризистик чаралардын үчүнчү пакетин иштеп чыгууну баштады. Бул тууралуу бүгүн брифингде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, бул пакет кризистен кийин экономиканы калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүго багытталып, бир жылдан үч жылга чейинки мезгилди камтууну көздөйт.