Марал Радиосу

Абылгазиев: Пандемияга карабай дыйкандар үрөн жана күйүүчү майлар менен камсыз болду

Пандемияга карабай дыйкандар жетиштүү деңгээлде үрөн, жер семирткич жана күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыз болду, — деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Ошондой эле өкмөт башчы жазгы айдоо себүү иштери өз убагында башталганын жана учурунда жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. Ал эми Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы, мелиорация министрлиги майдын аягына чейин жазгы талаа жумуштары аягына чыгарыларын жана алгачкы түшүмдү жыйноо иштери башталарын билдирди.