Марал Радиосу

Жогорку Кеңештин март айындагы чыгашасы 18 млн сомго өстү

Парламенттин март айындагы чыгашасы 64 млн 4.3 миң сомго жетти. Бул тууралуу республиканын финансы министрлиги тараткан маалыматта айтылат.

Маалым болгондой, каражаттын басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 48 млн 379.2 миң сом же 75,6 пайызы, кызматкерлердин эмгек акысына жумшалган.

Товар алууга жана кызматтарга 10 980,9 сом кеткен. Калган чыгымдар взнос/социалдык төлөмдөр, Жогорку Кеңештин төрагасынын Резервдик фондуна, коммуналдык кызматтарга жумшалган.

Республикалык бюджеттин кассалык планына ылайык, Жогорку Кеңештин чыгашасы март айында 45 млн 410.7 миң сомду түзмөк. Бирок чыгашанын көлөмү коюлган пландан 18 млн 593.6 миң сомго көп болгон.