Марал Радиосу

Каза болгон бейтапта башка дагы курч мүнөздөгү оорусу болгон

Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында COVID-19 вирусунан каза болгон 69 жаштагы бейтаптын башка дагы курч мүнөздөгү оорусу бар болгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

— Каза болгон жаранда коронавирус инфекциясынан тышкары пневмония, үчүнчү даражадагы курч мүнөздөгү дем жетишсиздиги жана баш мээсинде шишик диагноздолгон. Мындан тышкары бейтап кант диабетинен жабыркап, инсулин алчу” — деп белгелиди министрдин орун басары.

Муну менен Кыргызстанда коронавирус инфекциясы диагнозу менен каза болгондордун жалпы саны 11 кишиге жетти.