Марал Радиосу

Нурболот Үсөнбаев: Коронавирустан 1 жаран каза болду

5-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 13 учур катталды, алардын ичинде 1 медицина кызматкери бар. Бишкектеги Республикалык клиникалык ооруканасында 69 жаштагы 1 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Өкмөттө өткөн брифингде билдирди.

Катталган бейтептар Бишкек шаарынанан 8, Нарын облусунда – 5,

Жалпысынан алганда 843 кыргызстандык аталган ооруга кабылган.

Министрдин орун басары кошумчалагандай, бүгүн сутка ичинде 25 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 600 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.