Марал Радиосу

Шашылыш билдирүү: Бишкек менен Чүйдө бир сааттын ичинде катуу шамал болот

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бир сааттын ичинде жана күндүз катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырууда.

Сак болуңуздар!