Марал Радиосу

ЖРТга жана ЖОЖго тапшыруу этаптары (тизме)

ЖРТ жана ЖОЖго тапшыруу этаптары:

▪️ ЖРТга каттоо 4-15-майда аяктайт;
▪️21-июнда негизги тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт;
▪️22-июнда предметтик тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт;
▪️ 24-июнда негизги тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;
▪️ 25-июнда предметтик тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;
▪️ ЖРТ жыйынтыктарын жарыялап, таратуу 13-19-июлда жүрөт;
▪️20-июлда ЖОЖго тапшыруунун биринчи туру өтөт;
▪️27-июлда ЖОЖго тапшыруунун экинчи туру өтөт;
▪️ 3-августта ЖОЖго тапшыруунун үчүнчү туру өтөт.

Адистештирилген орто окуу жайларына документтерди тапшыруу 1-июлда башталат.

Бардык иш-чараларды өткөрүү үчүн бөлмөлөр алдын ала дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат.