Марал Радиосу

Өзбекстан: дамбанын жарылуусунан кийинки сүрөттөр

Социалдык тармактарда Сырдарыя облусундагы «Сардоба» суу сактагычындагы дамбанын жарылуусунан кийинки сүрөттөр жарыяланды.

Буга чейин маалымдалгандай, өзгөчө кырдаал болгон жерден 11,6 миңден ашык адам эвакуацияланган. Куткаруучулар жарылган дамбаны токтотууга жетишкен.

Расмий маалыматтарга караганда, суу ташкынынан  жабыр тарткандар болгон эмес.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, премьер-министри Абдулла Арипов Сырдарыя аймагындагы «Сардоба» суу сактагычындагы суу ташкынына байланыштуу аталган аймакка барган болчу.