Биз менен байланышыңыз

Тажикстан менен чектешкен айыл тургундарына COVID-19 боюнча түшүндүрүү иштери жүгүзүлүүдө

Кыска кабар | 1 мая 2020 | 811 | 0

Тажикстан менен чектешкен Баткен облусунун Көк-Таш айылынын тургундарына COVID-19 боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Баткен районунун Көк-Таш айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын №707 бөлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте чектеш аймактарда жашаган айыл тургундарына COVID-19 илдетин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин алып барууда.

Ошондой эле айыл тургундарынан түзүлгөн ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте кылмыштуулуктун алдын алуу, санитардык-гигиеналык эрежелерди туура сактоо максатында жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Көк-Таш айылынын М.Назаров жана О.Боронбаев көчөлөрү — Тажикстандын Исфара районунун Майский, Саманён айылдары менен чектешкен аймактар. Баткен районунун Көк-Таш айылдык милиция бөлүмү Тажикстандын Исфара районунун Майский, Саманён, Чорку, Хожай-Ало айылдары жана Ворух анклавы менен чектешкен аймактарды тейлешет.

ИИМдин ички коопсуздук аскер кызматынын №707 бөлүгүнүн кызматкерлери Көк-Таш айылынын милициясы жана ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте 3 маршрутка бөлүнүп, эртең менен 08:00дөн кечки саат 20:00гө чейинки аралыкта кайгуул күзөттөрдү жүргүзүп жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM