Марал Радиосу

Эмомали Рахмон бир айлык маянасын коронавирус менен күрөшүүгө которду

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон үч айдын ичинде дарыгерлердин маянасына кошумча төлөмдөрдү төлөө үчүн Президенттин резервинен 12,4 млн сомони бөлүп берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына шилтеме берип «Азия-Плюс» жазды.

Мындан тышкары, Эмомали Рахмон айлык маянасын (суммасы көрсөтүлгөн эмес) республикада коронавирус менен күрөшүү үчүн түзүлгөн эсепке жөнөткөн.

30-апрелде Тажикстанда коронавирустук инфекция катталгандыгы расмий түрдө жарыяланды. Бул тууралуу Коронавирус пандемиясынын алдын алуу боюнча республикалык штабдын ыкчам жыйынында айтылган.

Тажикстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 29-апрелге карата өлкөдө коронавирустун 15 тастыкталган учуру катталган: Согди облусунда 10, Душанбе шаарында 5 учур.

1-февралдан 30-апрелге чейин Тажикстанда 10 миң 937 адам карантинге алынып, алардын ичинен 8 миң 438 адам үйлөрүнө чыгарылган.