Марал Радиосу

Жалал-Абадда дарыгерлерге жергиликтүү бюджеттен 1 млн сом берилди

Жалал-Абад шаарында медициналык кызматкерлерге жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 млн сом берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев билдирди.

Анын айтымында, демөөрчүлөр менен болгон сүйлөшүүлөрдүн негизинде медиктерге 5 тонна ун берилген.

Ошондой эле «Нобел фарм» ишканасы медкызматкерлерге 100 даана көп колдонулуучу кийимдерди  берди. Биз мындан ары да дарыгерлерди колдоону уланта беребиз, — деди мэр.

Кыргызстанда 1-майга карата коронавирус жуктурган учурлардын саны 756га жетти. Алардын ичинен 198и медицина кызматкери. Илдеттен 504 жаран айыгып, 8 адам каза болду.