Марал Радиосу

Тажикстанда 15 адамда коронавирус аныкталганы расмий айтылды

Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө коронавирус инфекциясы катталганын билдирди. Жалпы 15 адамдан коронавирус аныкталганын РИА Новости агенттиги жазды.

Бүгүнкү күндө алынган анализдин жыйынтыгы менен Тажикстанда коронавирустун 15 учуру расмий тастыкталды, — деп маалымдады Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Маалыматка караганда, Дүйшөмбү шаарында 10 адам, өлкөнүн түндүгүндөгү Согди облусунда 5 адам катталган.

Буга чейин жергиликтүү басылмалар бийликтин ооруну жашырып жатканын жазышкан болчу.