Марал Радиосу

Дагы 3 медкызматкерде коронавирус аныкталды. Жалпы саны — 198

Бир сутка ичинде 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Жаңы жуктурган дарыгерлердин аймактарга карата бөлүнүшү:

• Бишкек шаары– 2;
• Нарын облусунда – 1.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 198 учур катталды, алардын ичинен 114 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө коронавирус жуктургандардын саны 756 ге жетти. Жалпы 504 бейтап айыгып, 8 киши коронавирустан улам каза болду.