Марал Радиосу

Нурбаев: Экономикалык туруктуулукту сактоо багытында атайын фонд ачуу керек

Экономикалык туруктуулукту сактоо багытында атайын фонд ачуу керек. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев билдирди.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу жумушсуздук күч алып, экономика катуу жабыр тартууда. Андыктан Өкмөт башчы өзү жетекчилик кылып, ишкерлердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда фонд түзүшү керек. Ошондо бейтараптуулук жана ачык-айкындуулук камсыздалып, каржы чогултуу жаатында ишеним пайда болот, – деди депутат Абдывахап Нурбаев.

Ал эми депутат Закир Шарапов дүйнөдө нефть арзандап жатканын карабай, Кыргызстанда газдын баасынын көтөрүлүшү туура эмес экенине токтолуп, муну Өкмөт көзөмөлгө алышы керектигин кошумчалады.

Жогорку Кеңеште коронавирус илдетинин жайылышына бөгөт коюу максатында өлкөгө киргизилген өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп, эл өкүлдөрү бир катар суроолорду беришүүдө.