Марал Радиосу

Орусияда коронавирус жуктургандардын саны 100 миңден ашты

Акыркы сутка ичинде Орусияда коронавирустук инфекциянын рекорддук көрсөткүчү катталды. 30-апрелге карата коронавирустун жаңы 7 099 учуру катталды. Акыркы сутка ичинде 1 333 адам коронавирустан айыкты. Бул тууралуу 30-апрелде Коронавируска каршы күрөшүү боюнча оперативдүү штабдын маалыматына таянып, жергиликтүү басылмалар жазды.

Бүгүнкү күндө Орусиянын 85 аймагында коронавирус инфекциясын жуктургандар 106 498ге жетти. Жалпысынан өлкөдө 1 073 адам COVID-19дан көз жумган. Ошол эле учурда 11 619 адам коронавирустан айыкты.