Марал Радиосу

Жогорку окуу жайларга тапшыруу качан башталаары айтылды (тизме)

Жалпы республикалык тестирлөөгө жана жогорку окуу жайларга тапшыруу этаптары тууралуу бүгүнкү брифингде билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков маалымат берди.

ЖРТ жана ЖОЖго тапшыруу ЭТАПТАРЫ:
— каттоо 4-15-майда аяктайт;
— 21-июнда негизги тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт;
— 22-июнда предметтик тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт;
— 24-июнда негизги тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;
— 25-июнда предметтик тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;
— ЖРТ жыйынтыктарын жарыялап, таратуу 13-19-июлда жүрөт;
— 20-июлда ЖОЖго тапшыруунун биринчи туру өтөт;
— 27-июлда ЖОЖго тапшыруунун экинчи туру өтөт;
— 3-августта ЖОЖго тапшыруунун үчүнчү туру өтөт.

Адистештирилген орто окуу жайларына документтерди тапшыруу 1-июлда башталат.

Бардык иш-чараларды өткөрүү үчүн бөлмөлөр алдын ала дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат.