Кыргызстанда карантин мезгилинде 16-марттан 28-апрелге чейин 17 миң 43 ымыркай төрөлдү, алардын 68и эгиздер болсо, бирөө үч эм. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Алардын ичинен:
- Кыздар — 8 495;
- Эркек балдар — 8 548.
Эске салсак, республика боюнча 30-апрелге карата жалпы коронавирус жуктургандардын саны 746 ге жетти. 462 адам оорудан айыгып, 8 киши коронавирустан улам каза болду.