Марал Радиосу

Жогорку Кеңеш 30-апрелде жыйынга чогулат

Жогорку Кеңештин депутаттары 30-апрель күнү сессияга чогулат. Бул кабарды парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Маалыматтар боюнча, депутаттар өкмөт мүчөлөрүнүн өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминдеги иштерин, өзгөчө абалды узартуу жана ар кандай маселелерди карашат.

Эске салсак, буга чейин депутаттар 15-апрелде жолугуп, өкмөт мүчөлөрүнүн өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминдеги иштер, жазгы айдап-себүү иштеринин жүрүшү, чет өлкөлөрдөн кайта албай жаткан кыргызстандыктарды алып келүү тууралуу маалыматын угушкан.