Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 30-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда:
түнкүсүн: 10…..15.… күндүз: 15……..20°
Талас облусунда:
түнкүсүн: 10…..15.….күндүз: 14………19°C
Жалал-Абад жана Ош облустарында:
түнкүсүн: 11……16….күндүз: 19……..24°C
Баткен облусунда:
түнкүсүн: 11……16….күндүз: 19………24°C
Ысык-Көл облусунда:
түнкүсүн: 6……11..….күндүз: 14……..19°C
Нарын облусунда:
түнкүсүн: 5……10…..күндүз: 15.……20°C
30-апрелде Бишкекте жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…….15°C, күндүзү 17………19°C.