Connect with us

Боронов: Коронавирустун жайылып кетүү коркунучу дагы деле бар

Кыска кабар | 29 Апр 2020 | 452 | 0

Өлкөдө коронавирустун жайылып кетүү коркунучу дагы деле бар. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

«Күнүнө ооруга чалдыккан 10-20 адам аныкталып жатат. Алар үй карантининде жана обсервацияда жаткандардан чыгып жатат. Ал эми ошонун арасында белгилери жок, башкача айтканда өзүнүн ооруганын, кайсы жерден жуктурганын билбеген 1-3 адам чыгууда. Айрымдары аны билсе дагы жашырып, өзүн өзү дарылагандар бар. Ага байланыштуу штабдын чечими менен атайын мобилдик топтор түзүлгөн», — деди ал.

Республика боюнча жалпы коронавирус жуктургандардын саны 729ге жетти.  437 адам оорудан айыгып, 8 киши коронавирустан улам каза болду.

Боронов: Эл жашаган 114 аймакта вирусту жуктуруп алуу кооптуулугу бар

Copyright © 2017 Maral FM