Марал Радиосу

Дастанбек Жумабеков Баткендеги этникалык кыргыздарга жардам көрсөттү

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун атынан Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы, Кадамжай жана Баткен райондорундагы этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы бидирди.

Жергиликтүү бийлик жетекчилеринин катышуусу менен 130 үй-бүлөгө бир каптан ун жана өсүмдүк майы таратылды.

Көмөк алгандардын көпчүлүгү коңшу Өзбекстандан жер которгон этникалык кыргыздар болсо, калганы Тажикстандан келген журтташтар.