Ишти кайра жандандырган ишканалар кандай санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоосу керек?
- Ташуучу уюмдардын кызматкерлери массалык тартипти, аралыкты сактап, дезинфекциялоочу каражаттар менен нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүүсү;
- Объектин кире беришин фильтрлөө, температураны байланышпаган термометр менен ченөө жана кирип жаткандар сөзсүз түрдө беткап, респиратор менен болуусу;
- Кызматкерлер менен келгендердин ортосунда 1,5-2 чарчы аралыкты сактоону көзөмөлдөө;
- Бөлмөлөрдү күнүнө 4-5 жолу желдетүү, бөлмөлөрдү жана иш үстүлөрүн дезинфекциялоочу каражаттар менен тазалоону камсыз кылуу;
- Оорунун белгилери (жөтөл, температура, мурундан суу агуу) байкалса, үйдө калып, дарыгер чакыруу сунушталат.
- Объектинин ишине санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталган учурда гана уруксат берилет.