Биз менен байланышыңыз

Асрандиев: «Эксимбанк» карызды реструктуризациялоого макул болду

Кыска кабар | 29 Апр 2020 | 630 | 0

«Эксимбанктын» алдындагы карызды реструктуризациялоо боюнча кайрылуубуз колдоо тапты. Бул тууралуу маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркинбек Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, президент Сороонбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен «Эксимбанктын» алдындагы карызды реструктуризациялоо боюнча сүйлөшкөн.

— Менин билишимче, ал кайрылуу колдоо тапкан. «Эксимбанк» биздин адистер менен байланышып, ал багытта иштер башталган, — деди Асрандиев.

Асрандиев башка насыя берүүчүлөр менен тышкы карыз боюнча сүйлөшүүлөр болуп, Париж клубунун алкагында эки тараптуу насыялардын төлөмдөрүнүн мөөнөтүн жылдыруу иштери жүрүп жатканын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM