Биз менен байланышыңыз

Билл Гейтстен китеп окурманга 4 кеңеш

Блог , Кыска кабар | 28 Апр 2020 | 4350 | 3

Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтстин бир жылда 50дөн ашык китеп окуй тургандыгы баарыбызга маалым. Жыл сайын өзү окуган китептердин арасынан пайдалуу китептерди коомчулукка сунуштап келет. Бул ирет бир жылда 50 китепти окуунун ыкмаларын 4 түрдүү кеңеш аркылуу түшүндүрүп берди.

Китеп окуганда маанилүү жана керектүү жерлерди белгилеп окуу. Билл Гейтс адабий жана фантастикалык китептерден башка китептерди окуганда бул ыкманы колдонот. Тема тууралуу кенен ой жүгүртүү үчүн китептен маанилүү маалыматтарды топтоп, ал маалыматтарды өзүндөгү маалыматтарга ылайык абалда ирээтке келтирет. Эгер китептеги маалыматтар өзүнө төп келбесе, китепти аягына чыгаруу үчүн белгилеп окуу улам кыйын болорун да эскерип айтып кетти.

Бул ыкманы колдонууда Мамбетасан Ибраев агайдын айткан бул кеңеши жакшы өрнөк болот: “Менин зээним эң күчтүү зээн эмес. Менин утушум окуп жаткан учурда китептеги маанилүү жерлердин астын сызып коём. Анан кийин кайра блокнотко көчүрүп жазып, жаттайм.”

Бүтүрө албаган китебиңди баштаба. Билл Гейтс баштаган китебин бүтмөйүнчө таштабаган инсан. Ошондой эле бүтөрүнө көзү жетпеген китепти да эч качан окуп баштаган эмес.

Бир китепти жарымына чейин окуп, бүтпөй туруп башка бир китепти баштап, аны да аягына чыгарбай дагы башкага секирип кеткен инсан бара бара китеп окууга болгон кызыгуусун жоготуп алат.

Басылып чыккан китептерди окууну сунуштайт. Электрондук китепке караганда кагазга басылган китептерди окууну кеңеш берет. Бул, албетте, адамга карай өзгөргөн маселе. Билл Гейтс алыс сапарга чыккан учурда көбүнчө жанына чоң сумка алып алат. Сапатту басылып чыккан китеп адамды өзүнө тартып турат. Айрыкча, электрондук китепти окуган адам кагаз түрүндө окуганга караганда 20-30% жай окуганын окумуштуулар айтып келишүүдө.

Эң акыркы сунушу китеп окуу үчүн атайын күн сайын туруктуу бир убакытты белгилеп алуу керек. Билл Гейтс китеп окуу үчүн атайын өзүнчө убакыт зарыл экенин эскертет. Айрыкча, “5 мүнөт тиги жерде, 10 мүнөт бул жерде, 10 мүнөт дагы башка жерде окуйм” деген сыяктуу адаттардын китеп окуунун жемиштүү болбой калышын шарттайт. Китепти окуп бүтсө да, түшүнүү жагынан жемиштүү бербейт. Ар күнү кечинде эң аз дегенде бир саат китеп окуганга убакыт бөлгөн Билл Гейтс муну ар бир окурманга сунуштайт. Күнүнө эң аз дегенде бир саат китеп окуңуз.

 

Абубакир Жамалдинов

3 пикир

3 пикир

  1. Улукбек

    29.04.2020 04:47

    Ассаламу алейкум байке, а эгерде ошол баштап алган китеп кызыксыз же болбосо маанисиз болсочу анда ага ко́п убакытты коротуштун кереги барбы???

    • Абу Бакир

      29.04.2020 13:34

      Китеп тууралуу алдын ала издеп карап көрүп анан баштоо керек. Китеп тууралуу окурмандардын ой-пикирлери да маанилүү. Мазмунун карап, китеп кандай максатта жазылганын билип анан баштаса түшүнүүгө да жакшы болот.

  2. Абу Бакир

    29.04.2020 11:03

    Китеп тууралуу алдын ала издеп,башка окурмандардын китеп тууралуу ой-пикирлерин окуп көрүп, анан баштоо керек. Мазмунун карап чыгуу да абзел. Китеп кандай максатта жазылганын билип анан баштаса жакшы болот.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM