Марал Радиосу

Екатеринбургдан 157 кыргызстандык учуп келди

Бүгүн, 28-апрелде ”Манас” эл аралык аэропортунда “Урал авиакаттамдары” авиакомпаниясынын Екатеринбург-Бишкек чартердик каттамын тосуп алышты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Анда 157 кыргызстандык учуп келди.

COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо максатында, жеке коргонуу каражаттарын колдонууда бардык коопсуздук чаралары сакталып, чартердик каттамдардын жүргүнчүлөрү аба майдандын перронунда тейленет, андан кийин алар обсервацияга жөнөтүлөт.